Германия өлкөсүндө кыргыз мекендештер үчүн Нооруз майрамы уюштурулат

Германия өлкөсүндө мекендештерибиз үчүн Нооруз майрамы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Нооруз майрамы 19-мартта "Nooruz 2016 in Bonn" деп аталып, Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин колдоосунда өтөт. Программанын алкагында ыр-бий жана улуттук "Ыр кесе", акыйнек айтышуу, аркан тартыш, чүкө оюндары, кол күрөш жана башка оюн-сынактар уюштурулат. Ошондой эле кирүү билеттери боюнча лотерея ойнотулат. Мындан сырткары "Мистер жана Мисс Нооруз-2016" сынагы уюштурулмакчы. Бул кечеге Европадагы бардык кыргыздар катыша алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан