2015-жылы өлкөдөгү жаза өтөө мекемелеринен 1639 адам эркиндикке чыгарылган

2015-жылы өлкөдөгү жаза өтөө мекемелеринен 1639 адам эркиндикке чыгарылган. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Жазык-аткаруу кодексинин 145-беренесине ылайык (мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу), жаза өтөө мекемесинен 1265 адам бошотулган.

"Жакынкы арада жалпыга маалымдоо каражаттарында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулуп жатканы сынга алынган. Мөөнөтүнөн мурда бошотулгандардын баары эле кайрадан кылмыш кылып жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бул маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт. 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулгандардын 92си же 7,3 пайызы гана кайра соттолгон",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан