* Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы кыргыз жергесинен чыккан мушкер айым Валентина Шевченко Бишкек шаарында төрөлгөн. Валентина Шевченконун жетишкендиктери – муай-тай боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси.
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан. Эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашынан тарта түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан. Муай-тайдан ага Кыргыз Республикасында, Азияда атаандаш жок болуп калган.
Валентина Шевченко дзюдо боюнча "КРнын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы "ОшТВ" телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жарааттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде журналист Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Анын өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп билдиришкен. "Акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал",- дешкен алар.
* Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы советтик театр жана кино актёру, РСФСРдин Эл артисти Андрей Миронов Москвада төрөлгөн. 1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып ийгиликке жетишкен. 1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автомобилден абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган.
Андрей Миронов көптөгөн тасмаларга тартылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 1987-жылы 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклде акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөк согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан, бирок актёр 1987-жылы 16-август күнү таңкы 5:35те каза болгон. 20-августта Москвадагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлган.
* Мындан 19 жыл мурун, 1997-жылы "Nature" журналы клондолгон Долли козусунун жарыкка келгенин кабарлаган. Долли Эдинбургдагы Рослин институтунда чоң койдун клеткасын түгөйлөштүрүү аркылуу пайда болгон. Шотландиянын борбору Эдинбургда илимий институтта жашаган Долли өпкө оорусунан катуу жабыр тарткандыктан, ветеринарлар консилиуму атактуу койдун жанын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан. 2003-жылы 14-февралда дүйнөдөгү алгачкы клондолгон жаныбар - Долли алты жарым жашында өлгөн.
7-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.