Автоунаадан аккумулятор жана магнитофон уурдаган жаран 3,5 жылга кесилди. Жогорку Соттон 4-мартта кабарлагандай, эркинен ажыратылган жаран - Нарын шаарынын 1972-жылы туулган тургуну Нурлан Мамбетов. Буга чейин бир нече беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Мамбетов 2015-жылдын 22-майында Нарын шаарындагы Жутакеев көчөсүнөн 1970-жылы туулган М.М. аттуу жаранга тиешелүү ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаадан жалпы баасы 3300 сомдук аккумуляторун жана магнитофонун уурдап кеткен. Жабырлануучунун чыгымы өндүрүлгөн эмес. Козголгон кылмыш иши 2016-жылдын 2-февралында Нарын шаардык сотунда каралып, айыпталуучу Мамбетов күнөөсүн мойнуна алып, жеңил жаза берүүнү суранган.
Жабырлануучу "Уурдалган буюмдар төлөнүп берилген жок. Ошондуктан соттолуучуга мыйзам чегинде жаза берүүнү сурайм" деп билдирген сот жыйынында.
"Соттолуучунун мурда сот жообуна тартылганына карабай кайрадан кылмышка барып жатышы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесине ылайык, "коркунучтуу өнөкөт кылмыштар" деп табылат. Нарын шаардык соту Нурлан Мамбетовду күнөөлүү деп таап, 3 жыл 6 айга эркинен ажыратуу, жабырлануучунун пайдасына материалдык чыгым үчүн 3300 сом өндүрүү өкүмүн чыгарды",- деп айтылат маалыматта.