ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жол боюндагы түтүктөр бир жылдан бери турат. Мектептин спорттук аянтчасы жараксыз абалда

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жол боюндагы түтүктөр бир жылдан бери турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында 2015-жылы июнь айларынан тарта сентябрь айларына чейин Кутманов жана Островский көчөлөрүнүн кесилишинде асфальт төшөлгөнү менен, бир жылга жетпей жол начар абалга келип, кээ бир жерлери эмитен эле жамала баштады. Ошол жолду оңдоп-түзөөгө Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемеси тарабынан көзөмөл жүргүзүлгөн. Ал кезде казылып алынган жарактан чыккан түтүктөр азыркы убакка чейин алынбай, жолду тосуп ыңгайсыздык жаратып жатат.

Бул көрүнүш тууралуу аталган мекеменин жетекчиси З.К.Анарбаевге октябрь айында маалымдалган, бирок "жакында алып кетебиз" деген боюнча эч бир чара көрүлбөй келет. Ошол эле учурда №4-инновациялык гимназия-мектебинин спорт аянтчасына эски асфальт төгүлгөнүнөн жарактан чыгып, эски айдоо жерине барабар болуп калган. Окуучулар машыгууларын кайсы аянтчада өткөрүшөт?"- деген суроо берди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан