Кечээ, 4-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина жана экономика-юридикалык факультетинин студенттери 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата чакан концерт уюштурушту. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
"Студенттер 8-Март майрамына жана 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата тарыхты, маданиятты чагылдырган чакан куттуктоо концертин өткөрүштү. Токтогул Сатылганов, Курманжан датканын жашоолорунан, "Семетей" эпосунан жана "Ажар" повестинен спектакль коюшту",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.