Жалал-Абадда абага учкусу келген жаран э­лектр зымына асылып калды (фото)

4-март күнү саат 14:30 ч­амасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Б­оз-Чычкан айылында Датка-Кемин жогорку ч­ыңалуудагы электр зымына Ноокен районуну­н Масы айылынын тургуну, 1967-жылы туулга­н Владимир Гальгалский тоодон­ парашют менен учуп баратып илинип калган­. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы "Жогорку чыңалууд­агы электр тармактары" ишканасынын башчыс­ы жана ишканадан 7 киши к­уткаруу иштерине жардам беришкен. КР ӨКМ­нын №58 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткару­учу жана ӨКМнын №20 аскерлештирил­ген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматын­ан 1 кызматкер куткаруу иштерин жүргүзү­шкөн. "Электр тармактары" ишканасынан 2 ад­ам электр устунуна чыгышып, парашюттун ж­иптерин кесип, электр зымында жүрүүчү чы­гырык менен белине жип ороп тартып алыш­кан. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Abdurahman
2016-03-05 10:57:40
Орус оюндагысын кылат деген ушу да
+7
Abdurahman
2016-03-05 11:00:03
Бирок молодец учууну ким каалабасын
+12
Nurmuhammad-1
2016-03-05 11:20:09
Баатыр наамын бериш керек)))
-8
Topcubai
2016-03-05 11:29:09
Nurmuhammad-1,Таксыр,ансыз деле баатырлар кобоюшуп жаткан жокпу?
+8
miki-84
2016-03-05 13:37:49
Topcubai,Мискенбайдын баласы укпасын этята
+5
Rifle_3
2016-03-05 14:00:46
miki-84,камап жибереби , болгон күчүн жумшап ?
+4
oimok
2016-03-05 11:56:49
Жараткандын буйругу менен аман калыптыр да.
+3
aydarov...
2016-03-05 12:54:03
Учкан сонунда
+2
kelechek.kg
2016-03-05 12:59:27
Датка Кемин эмес,Датка Узлавая линиясына илинип калган
+1
Rifle_3
2016-03-05 14:03:00
kelechek.kg,Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирип жатат, биякта болсо узлавая деп тантырап койгондой болуп калыптыр. Анда туура жазылган эмес. Узел деген сөз узлавая болуп өзгөрбөйт .
-1
nurchik05
2016-03-05 13:22:52
орус ойдогусун кылат да
+3
Musabaeva
2016-03-05 13:40:26
Ою ишке ашпай калыптырда, ичер суусу бар экен, кудай озу сактаптыр.
+3
Zubi91
2016-03-05 13:50:40
кудай сактаптыр ичер суусу бар экенн анда
+2
sabyr86
2016-03-05 14:05:51
Эми абада учкусу келбей калса керек.
0
Surena
2016-03-05 14:33:57
Туркун туркун жанылыктар кобойдуго
+1
bond0202
2016-03-05 16:36:23
парашют башкарууну билбесе учпай деле койбоптур
+1
Shef87
2016-03-05 17:11:44
оруска рахмат учкан да жакшы жерде туруп алып айта беребиз да ал да кокустук
+1
Sema87
2016-03-05 23:33:55
Тарыхка жазылат бул парашутист
+1
begai93
2016-03-07 05:32:58
Дагы жакшы Кудайым бир сактаптыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан