Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинен 6 миллион 500 миң сомдой грант алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул каражат Ош облусундагы Протез-ортопедиялык буюмдар республикалык мекемесине берилип, ага тигүүчү машиналар, стол көзөгүч станок, жасалгалоочу машина, чарыктагыч станок, пресс-форма, гипстөөчү аппарат жана дагы башка шаймандар сатылып алынат.
Протез-ортопедиялык буюмдар республикалык мекемеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлеп, протездерди, балдактарды бекер жасап берет. Жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 15 миң протез-ортопедиялык буюмдарды бекер берет.