Бүгүн, 5-мартта Ала-Бука чек арачылары тарабынан аткезчилик жүктү чек арадан алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Кыргыз Республикасынан Өзбекстандын аймагына жалпы баасы 1 миллион сомдой "Samsung Galaxy" үлгүсүндөгү 129 смартфонду, баасы 1 миллион сомдой медициналык дары-дармекти алып өтүүгө аракеттенген. Жарандын ким экенин аныктоочу документтери жоктугу маалым болду. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.