Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары 9-мартка чейин улантылат

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары 9-мартка чейин улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-мартта билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2016-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан артиллериялык эсеп жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу 2016-жылдын 4-мартында Чүй облусунун Кой-Таш айылынан саат 06:00дө жолго чыгышып, саат 17:24дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы ӨКМнын Гидрометеорология агенттигинин "Ит-Агар" постуна жетишип, ошол жакта түнөп калышкан. Кар көчкүсүн атып түшүрүү иштерин бүгүн, 5-март күнү башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eduardali
2016-03-05 13:07:28
Тынарга дагы жаңы сатира даяр болду бир болсо.
0
miki-84
2016-03-05 13:41:53
Кайсы карды тушурот имиш
0
bolotbai3
2016-03-06 08:36:46
Бишкекте пикет же башка иш чаралар болоордо кар кочкуну аткылап жолду жаап коюшчу эле,мунусунда тынч эле бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан