Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелери жөнүндө отчётту, ошондой эле экономикалык ишмердиктери, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу башка маалыматтарды салык органдарына берүүлөрү керек. Тактап айтканда, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү.

Белгилей кетсек, салык органдары 22-марттан таптып 31-мартка чейин күчөтүлгөн режимде иштешип, декларацияларды саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алышат. Мамлекеттик салык кызматы маалыматтар иштелип чыккандан кийин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун жыйынтыгын чыгарат жана бул тууралуу коомчулукка толук маалымат берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан