Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында чыккан өрттүн айынан УКМКнын 6 аскери ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов бүгүн, 5-мартта билдирди.
"Кечээки окуядан кийин 6 аскер баш оорусуна арызданган. Ошол замат алар ооруканага жеткирилишкен. Учурда абалдары жакшы. Жакынкы арада ооруканадан чыгарылышат",- деди Рахат Сулайманов.
Эске салсак, кечээ УКМКнын имаратында жарылуу болгону тууралуу маалымат тараган. Андан соң Рахат Сулайманов жарылуу болбогонун айткан.