ЭЛДИК КАБАР: Өлкөдө улуттук баш кийим - ак калпакка арналган иш-чаралар өттү

Бүгүн, 5-мартта кыргыз өлкөсүндө улуттук баш кийим - ак калпакка арналган иш-чаралар өтүүдө. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына келип түшкөн сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайбыз. Айрым жерлерде концерттер уюштурулса, айрым жерлерде калпакчандардын жөө жүрүшү болду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жалал-Абаддагы калпакчандардын жөө жүрүшү
Жалал-Абаддагы жөө жүрүш
Ак калпактын урматына Токтогул районунун Толук айылында ак калпакчан жаштардын жөө жүрүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tairermatov
2016-03-05 17:40:52
Кыргызды кыргыз кылган ак калпак.
Ала-Тоонун ак карындай аппапак.
Башкалардын баш кийимин карачы.
Бир корку жок, жапырайган жапжалпак.

Ак калпактын жасалгасы кийизден.
Эн бир кооз оймо менен чийилген.
Ото кылдат чебердикте жасалып.
Асты жагы жарашыктуу ийилген.
+5
aikokul14
2016-03-05 17:42:34
Жакшы саамалык!Кудайым озубузго кут кылсын!!!
+1
afonia8282
2016-03-05 19:48:34
Ак калпагым...алга!!!!
+1
altyn2015
2016-03-05 20:22:28
Калпагынардан айланайын мырзалар. Кут болсун ушу кунунор.
+1
Mahabbat
2016-03-06 08:21:17
Ош шаарым, сагындым
0
insap
2016-03-06 10:42:18
Өтүп кеткен ак калпак майрамыңыздар менен, мырзалар!
0
murat_12
2016-03-06 11:06:22
биздин кыргыздарга майрам эле болсо болду,
0
Мэри
2016-03-06 14:28:11
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери!
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени. (Б.Сарногоев)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан