Орусияда кыргыздарга жасалма документ даярдап берип жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Орусияда кыргыздарга жасалма документ даярдап берип жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Орусиядагы кыргыз элчилигинин билдиришинче, шектүү жарандар: Ы.Н., 1973-жылкы, Б.Н., 1988-жылкы, Ж.О., 1994-жылкы, К.К., 1994-жылкы, Р. уулу У., 1998-жылкы.

Кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын элчилигинен алыс эмес жерде жайгашкан кеңселердин биринде жасалма документтерди жасоо жана берүү менен алектенип, анын ичине Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн документтерин: баланын жарандыгын аныктоодо бериле турган, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошо берилчү тиркеме, нотариалдык документтер, мекенге кайтуу күбөлүгү жана башка документтерди да жасалма даярдоо менен алектенип келгени айтылды.

Мунун кесепетинен мамлекетибиздин жарандары гана эмес, башка КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да жабыр тартышып, административдик айыпка жыгылып, депортация жана “кара тизмеге” түшүүгө дуушар болушкан. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, топтун башка мүчөлөрүн кармоо аракеттери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
CHameleon
2016-03-05 19:55:21
Анан кантип мындайлардан жакшылык кутууго болсун? Арамдан акча таап жегенче дворник болуп болсо да адал эле тамак жесенер болбойт беле? Озуну акылдуу сезгендердин эле заманы болуп калган окшойт азыр. Силерди жин да урбайт бирок чын чынына келгенде, бирок жараткан баарын коруучу. Ал туурасында унутпагыла!!!
+7
kyrgyziaaaa
2016-03-05 19:58:02
Apei jasalma deibi?
+2
MuslimNur95
2016-03-05 20:18:28
Жаш эле балдарго , иштин баарын ушулар айнытып атышатго дейм, кокустан эле депорт болгондор
+3
bek-94
2016-03-05 20:22:53
Аа тириктер өзбектер жасайт элего!!!
+3
sabyr86
2016-03-05 20:44:58
Өзбектерге кыргыз паспортун жазап бергендерди да кармагыла.
+13
maks83
2016-03-05 21:18:48
Эргулдар.
+2
josholu
2016-03-05 23:17:17
Озбек аял мага жасалма жасап берген эле уч минге .документи бар адам болуп полицияга бере койдум эле беш мин алышкан эптеп алдап эртен кетем деп.аялды дагы алдап дагы эки бала жасатат деп жолугуп суротко тартып билдирбей .полицияга айтам деп кайра акчаны алгам
+6
Sema87
2016-03-05 23:22:12
Алардын жасалма документтерди кыларынан кабарлары бар жарандар да бар атайын жасатышып жатышпайбы арзанырак дешип.мен билем аларды.метро Проспект мира да озбектер жасайт.колго оной эле тушурсо болот аларды
+3
Asel78
2016-03-06 00:55:49
Урматтуу суперчилер так кайсы кенседе жасашканын билип бергилечи бизда ошол кенселерде жасатканбыз .
0
nur0077
2016-03-06 03:42:03
Окмотубуз ото алсыз да,же консулдук кызматкерлерибиз ашыры кайдыгер,текебер.Ушулардын айынан канчалаган атуулдарыбыз аферистерге жем болуп келебиз.Дубайда консулствонун кызматчысын коргомун жки жуздуу немени,КР атуулуна жакшы мамиле жасабайт,иностранецтин бутун жалачуудай болот.Эх,Жараткан ар пендене нысап бере кор.
0
Syiyy28
2016-03-06 04:37:10
Аты жонун жазбасанар биз кайдан билели ким экенин булардын балким алданып жургондурбуз
0
Book
2016-03-06 05:00:02
Дагы толо,карашсын...
0
EarPods
2016-03-06 05:35:49
Булар далайын жасап журушконго анда
0
kaisarbek
2016-03-06 06:13:30
Ошончодон бери жалан жасалма документ жасап келишкенби ошондо? Неге бул кезге чейин эч ким айткан эмес, же жасалма эмес документ да жасашат бекен?
+1
kaisarbek
2016-03-06 06:15:04
Эми берки жасатылганы берилген паспорттордун ээлери кантип, каяктан алышат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан