5-мартта Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кечээ, 5-мартта Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө саат 21:35те болду. Анын очогу кыргыз-өзбек чек арасында, Жалал-Абад облусунун аймагында Жар-Кыштак айылынан 5 чакырым түштүктү карай, Жийде айылынан 15 чакырым түштүк-батышты карай, Жалал-Абад облусунан 25 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Суу шаарынан 25 чакырым түндүк-батышты карай, Базар-Коргон айылынан 25 чакырым батышты карай, Ош шаарынан 35 чакырым түндүк-батышты карай жайгашып, күчү 3,5 баллга чейин жетти. Жер титирөө Арал, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга жетсе, Жийде, Сузак, Жаңы-Жер айылдарында 3 балл, Кызыл-Ай, Таштак, Кайым айылдарында жана Жалал-Абад шаарында 2,5 балл болгон. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bosmos777
2016-03-06 10:50:49
Жараткан сактасын!
+4
Jazim93
2016-03-06 12:13:13
Аллах сактасын айттырбай келген кырсыктан.
0
bars_wire
2016-03-06 13:47:01
3.5 бекен а.айнектер калдырап кеттиго.
0
E.TARZAN
2016-03-06 13:53:55
Кудай сактасын!Ошто да билинди жер силкингени.
0
Sultanim
2016-03-06 14:41:52
Zinaa mn zulumduk koboygondo jer titiroo bolot eken.hadis kitepterinden okudum.
0
Belek2070
2016-03-06 14:59:14
Кече митинг кылган ак жолук ак калпак кийгендердин кесепети окшойт.
-1
Nurisum
2016-03-06 22:31:49
АЛЛАХ озу сактасын
0
jasgul
2016-03-06 22:35:24
Ооба мен да сездим да. Озумо анча ишенбей калдым эле корккондон окшойт деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан