Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарында жалпы ишембилик өтүүдө. Маалым болгондой, иш-чарага шаардагы райондук администрациялардын, Коммуналдык кызматтын жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери жана мэр Иса Өмүркулов катышууда. Тийиштүү чечимге ылайык, ишембиликке чыккандар өздөрүнө тиешелүү болгон аймактарды тазалашууда.