Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев SUPER.KG порталына бүгүн, 6-мартта билдирди.
"Кечээ, 5-мартта Чыгыш-5 кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде ок атуучу жана газ-травматикалык куралдары менен 3 жаран Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалышты. Алардын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар. Аларды кармоо операциясына чейин үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, жабыркагандар болгон жок",- деди Осмонбаев.
Эрнис Осмонбаевдин айтымында, алар январь айында өлтүрүлгөн жарандын өлүмүнө шектүү катары кармалышты.