Ош облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга жардам катары Орусия жана Азербайжандан тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам келди. Ош мэриясы аталган жардам шаардагы 107 жаранга берилгенин кабарлады. Көрсөткөн колдоосу үчүн шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев аталган өлкөлөрдүн бийлигине ыраазычылык айтты.
Эске салсак, былтыр ноябрь айында Ош облусунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, кырсыктан жабыр тарткан объектилерди аныктоо боюнча жарандык коргонуу комиссиясы түзүлгөн. Иликтөө иштери 4 этапка бөлүнүп, 265 социалдык объект жана жеке турак жайлар кароодон өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 55 жарандын турак жайы 3-даражада, 34 жеке турак жай 4-даражада зыян тарткан деп аныкталган.