Өлкөдө жергиликтүү ветеринардык кызматкерлерге, фермер, малчыларга зооветеринардык окуулар өткөрүлүп жатат. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, окууларды Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо борборунун адистери өткөрүшүүдө.
"Февралдын аягында Талас шаарындагы жана Кара-Буура районундагы адистерге түшүндүрүү иштери жүрүп, семинардын жүрүшүндө катышуучулар "Ветеринардык сапаттуу жана натыйжалуу дары-дармек каражаттарын, кошулмаларын малга кантип колдонуу шарт? Дарыларды кайдан алуу керек?" деген суроолорго жооп алышты",- деп айтылат маалыматта.