Асылбек Жээнбеков депутат айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-мартта парламенттин депутат айымдары менен Жогорку Кеңештин Аппаратында жана Иш башкармалыгында иштеген айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Жээнбеков кыргыз эли илгертен эле аялзатын терең урматтап, сыйлап келгенин белгилеп, бүгүнкү күндө аялдар коомдун жүгүн эркектер менен эриш-аркак тартып келе жатканын билдирди. Ошону менен катар аларга бекем ден соолук, узун өмүр тилеп, сулуулук, назиктик жана аялдык бакыт каалады.

"Иш-чарага катышкан парламент депутаттары дагы депутат айымдар менен Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкер айымдарына каалоо-тилектерин айтышты",- деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан