Торугарт жана Эркеч-Там автоунаа өткөрүү пункттарынын имараттарын инженердик текшерүүлөр аяктады. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин билдиришинче, текшерүүнү мекеменин алдындагы Курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун аныктоочу жана инженердик долбоорлоо институту жүргүздү. Азыркы учурда Мамлекеттик тарых музейинин абалы текшерилип жатканы маалымдалды. Институт кызматкерлери жеке жана юридикалык жактардын атайын арызынын негизинде да эки мекемени текшерип беришкен.