Москва районунда жол кырсыгынан бир жүргүнчү каза таап, экинчи жүргүнчү башынан жаракат алды

Чүй облусуна караштуу Москва районунда жол кырсыгынан бир жүргүнчү каза таап, экинчи жүргүнчү башынан жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-март күнү саат 14:35 чамасында Беловодск - Кош-Дөбө унаа жолунда болгон. Анда батыш тарапка бараткан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын 66 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып, аңтарылып кеткен. Натыйжада унаанын 33 жаштагы А.А. аттуу жүргүнчүсү оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза таап, 54 жаштагы Э.С. аттуу экинчи жүргүнчүсү башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан