Маевка айылында айдоочунун унаасынан баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-март күнү саат 15:50 чамасында Маевка айылынан Субару Форестер үлгүсүндөгү унааны башкарган 25 жаштагы айдоочу токтотулган. Жарандын унаасын тинтүү маалында айдоочунун отургучунун алдынан кагазга оролгон гашиш табылган. Айдоочу Аламүдүн РИИБине жеткирилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.