22-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден ыраазычылык каты келди. Эске салсак, Си Цзиньпин аталган кызматка шайланганда өлкө башчы куттуктоо жөнөткөн. Бул кат ошол куттуктоого ыраазычылык билдирүү иретинде келди. Кытайдын жогорку мамлекеттик кызматкери быйыл Кыргызстанда өтүүчү ШКУнун саммитин уюштурууга жардам көрсөтөрүн айтып, мамлекет башчысына чың ден соолук, ишмердигине ийгиликтерди, Кыргызстанга гүлдөп өсүүнү, кыргыз элине бакубат турмуш каалаган.