Кыргыз жеринде бир нече кылмыштарга шектелип эл аралык издөөдө жүргөн 21 жаштагы кыргыз жараны Пермь шаарынан кармалды. Бул тууралуу 7-март күнү жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 2015-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунан жаранды бычак менен бир нече жолу сайып өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Ага карата "адам өлтүрүү", "бейбаштык", "алсыз абалдагы адамга карата зордук- зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал өлкө аймагынан табылбагандыктан, ага эл аралык издөө жарыяланган. Кылмышка шектүү 8-февраль күнү Пермь шаарынан кармалган.
"Кармалган жаран кылмыш иштерин өз мекенинде кылгандыктан, ал өз мекенине жөнөтүлөт. Бул факт боюнча тиешелүү документтер чогултулуп, Орусиянын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү",- деп айтылат маалыматта.