Эл аралык аялдар күнүнө карата Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында салтанаттуу иш-чара өттү (фото)

Эл аралык аялдар күнүн майрамдоого карата түзүлгөн негизги иш-чаралардын планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун офицердик клубунда салтанаттуу майрамдык азем уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, салтанатка Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчы жана кызматчы айымдары, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы, полковник Жаныбек Капаров катышты.

Капаров аземдин катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктады. Алардын өлкөнүн саясий, маданий жана коомдук турмушундагы өзгөчө ордун баса белгилеп өттү жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылып жатышкан погон тагынган айымдарга грамоталарды, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу жана эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан