5-февралда Санкт-Петербургдагы Рыбацкий районунда Нева дарыясына чөгүп бараткан 2 жаштагы баланы эки кыргыз сактап калды. Бул тууралуу орусиялык L!ve78 телеканалында айтылды.
Маалыматка ылайык, ал бала апасы менен сейилдеп жүргөн. Дарыядагы өрдөктөрдү көрүүгө муз үстүнөн чуркап баратканда муз жарылып, сууга кирип кеткен. Ал учурда өзүнүн атасы үйүнүн терезесинен баланын чөгүп жатканын көргөнү менен, аныкы экенин билген эмес. Баланы дарыядан алып чыгышкан соң куткаруучулар кетип калышкан. Баланын атасы куткаргандарды табуу максатында аталган телеканалга кайрылган.
Куткаруучулар кыргыз жарандары Эркин Турсунбаев жана анын күйөө баласы Чыңгыз Нурмухамбетов экени аныкталды.
"Мен баланын сууга түшүп кеткенин биринчи болуп көрдүм, андан кийин эмне болгонун билбейм. Балага чуркап барып, аны чыгарганга аракет кылдым. Күйөө балам өз убагында жардамга келип калды. Баланы ага берип, муз үстүнө чыгууга аракет кылган сайын муз сына берди. Ошол маалда баланы өзүм алып кетем деп ойлодум. Бала куткарылган соң дарыянын жээгиндеги балдарыма бардым",- дейт Турсунбаев.