Бишкек шаарында тоноочулук фактысына шектелип 23 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы И.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 31-январь күнү саат 22:30 чамасында Үсөнбаев жана Линейная көчөлөрүнүн кесилишинен 20-25 жаштардагы белгисиз төрт адам күч колдонуу менен 12 миң сомдук планшетин, күмүш зер буюмдарын жана 15 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Бишкек шаарынын М. у. С. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.