Белгилүү коомдук ишмер Нурлан Мотуев 19 жаштагы кызга кандайча баш кошуп калганын 7-мартта SUPER.KG порталына кабарлады. Мотуев үйлөнүүгө кыздын сүйүүсү себеп болгонун айтат.
"Менин авторитетиме, байлыгыма же сулуулугума кызыгышабы, айтор, мага суктанган жаш кыздар абдан көп. Анын үстүнө акыркы кезде спортзалга барып, "качок" болуп кеттим да. Эстетикалык сулуулугумду калыбына келтиргенден кийин мага кызыккан кыздар ого бетер көбөйүп кетти. Жакында баш кошкон жубайым деле өзү келип таанышты. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, баш кошууну чечтик. Учурда кош бойлуу, буюрса, төрөйт. Үчүнчү ирет үйлөнүшүм, мурунку жубайларыма, балдарыма каралашып турам",- деди Мотуев.
Коомдук ишмер 4 жыл мурун кеңсебизге ээрчитип келип тааныштырган 18 жаштагы кызга баш кошпой калганын билдирди. "Ал дагы мени сүйүп калган кыздардын бири болчу. Бирок жүрөккө буйрук бере албайсың да, аны сүйө албай койдум. Сүйөм деп өзү жармашып жатса, жаш кыздын шагын сындырбайын дегем... Тийишкен жокмун, акырын эле узатып койдум",- дейт Мотуев.
Спорттук машыгууда 6 айда 30 килограмм салмактан арылганын айткан коомдук ишмер эми бодибилдинг менен алектенерин кошумчалады.