Бишкекте бир катар алдамчылык фактысына шектүү катары 54 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 7-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 40 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2014-жылы И. аттуу адам ишеничине кирип 13 миң долларын тартып алганын айткан. Фактыга шектүү катары 54 жаштагы Ж.И. аттуу жаран кармалган жана буга окшогон кылмыш иштерине тийиштиги бар деп табылган. Ал "жабырлануучунун 19 700 долларын тартып алган" деп айыпталууда. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө.