Бишкек шаарында тоноочулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 5-март күнү саат 13:00 чамасында "Ош базарынын" жанынан белгисиз адамдар күч колдонуу менен 5 миң сом акчасын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы О.Ч., 25 жаштагы Б.А. жана 28 жаштагы А.В. аттуу жарандар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.