Борбор калаада уурулукка шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Ы.А. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 11:00 чамасында белгисиз адамдар "Дордой" базарындагы контейнерлердин биринен 1,5 миң сом акчасын жана башка буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы К.Т. аттуу аял кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.