Бүгүн, 7-мартта Бишкекте коомчулуктун көңүлүн аялдардын укугуна бурууга арналган жөө жүрүш өттү. Ал Жогорку Кеңештин имаратынан Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Уркуя Салиеванын эстелигине чейинки аралыкты камтыды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
“Иш-чара 8-Март - Аялдардын укугун коргоого арналган эл аралык күнгө карата өттү. Бул жөө жүрүш март айында бардык аймактарда өтчү иш-чаралардын башталышы гана. Бир айлыктын ичинде 38 активисттик уюм аялдардын укугу, гендердик стереотип, дискриминация, айымдарга жана кыздарга карата болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин коомчулукта жүргүзүшөт”,- деп айтылат маалыматта.