ӨКМ билдиргендей, өткөн суткада Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 2 автоунаа да күйүп кеткенин аталган министрликтин Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1 жана Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Тилсиз жоонун кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок.