Пакистанда сот имаратында жардыруу болуп, 10 адам каза тапты

Пакистандын Шабкадар шаарынын аймагында, сот имаратынын ичинде жардыруу болду. Чет элдик маалымат булактары жазышкандай, жардыруу имараттын экинчи кабатында болгон. Азыркы тапта 10 адам каза болуп, ондон ашык адам жаракат алганы жарыяланды.

Жардыруудан жаракат алгандар Пешавар аймактык ооруканасына жеткирилүүдө. Орган кызматкерлери окуя болгон жердин четин курчоого алышып, жардыруунун себептерин аныктап жатышканы маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жан кечти сот имаратына кирүүгө аракет кылып, андан соң өзүн жардырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaiMak
2016-03-07 19:08:25
Камералар жок бекен?? Болушу керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан