Борбордогу сулуулук салондорунун биринен кардардын капчыгын уурдоого шектелип 30 жаштагы аял кармалды

Борбор калаада сулуулук салондорунун биринен кардардын капчыгын уурдоого шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусунун 25 жаштагы М.Ф. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 16:30 чамасында борбордогу Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сулуулук салондорунун биринен белгисиз адамдар 6 миң рубль акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы С.Г. аттуу аял кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lolo.1
2016-03-07 18:46:09
Акчаны коргондо счетчик тескери айланганго
0
KaiMak
2016-03-07 19:12:38
Болбогон нерсе учун деле жаза берет экен да заява
+1
bond0202
2016-03-07 20:21:03
дайыма ошентип журсо керек да
0
gulkar
2016-03-08 02:17:39
Жолдон таап алса бир жон.
Кантип башканын сумкасына,чонтогуно кол салып уурдашат десен.Бироонун мандай-тери м-н тапкан акчасын,уурдап алууга кандай укуктары бар ушул уурулардын.Кытайдын законундай кылып ар-бир уурдаган сайын,манжаларын кесиш керек.Ошондо кана уурулук азаят.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан