Жылнаама, 8-март: Мындан 67 жыл мурун “Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган

* Мындан 104 жыл мурун, 1912-жылы кыргыздын туңгуч актрисасы, белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева (Түмөнбаева) Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган.
Ал 1927-жылы "Жабык араба" фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул тасмада Айжамалдын ролун ойногон. 1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон.
Айша Карасаева 2014-жылы 10-сентябрда 102 жашында дүйнө салган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-сентябрда Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы театрда орун алган.

* Мындан 67 жыл мурун, 1949-жылы “Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган.
1965-жылы июнь айында Бишкек шаарындагы азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти өткөн. Анда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киров айылынан келген 16 жаштагы Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган.

* Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы Овечкиндердин үй-бүлөсү (7 киши) СССРден качуу үчүн ТУ-154 Б2 учагынын жүргүнчүлөрүн барымтага алып, чет өлкөгө айдатууга аракет кылган. Учакты бошотууда 9 адам (5 террорчуну кошкондо) каза болуп, 19 киши жаракат алган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Ал эми 2015-жылдын 29-июлунда Реюньон аралынан учактын канатынын калдыктары табылган.

8-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан