Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында өлкө чемпиондугу өтөт
23-31-март аралыгында Бишкекте жаш шахматчылар арасында Кыргызстандын чемпиондугу орун алат. Ага республиканын ар кайсы аймактарынан келген 6-18 жаш курагындагы балдар катышат. Оюндар ФИДЕнин эрежеси боюнча швейцариялык систем менен 9 турга созулуп турат. Эске салсак, мелдеш шахмат спортун Кыргызстанда жайылтуу жана 2013-жылдын күзүндө Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү балдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлүп жатат. Мелдешке 200дөн ашуун шахматчынын катышары күтүлүүдө.