Бүгүн, 8-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында жооптук оюндар орун алат. Бул күнү мадриддик "Реал" белгилүү римдик клуб "Романы" кабыл алат. Ошондой эле германиялык "Вольфсбург" бельгиялык "Гент" менен беттешмекчи.
"Реал" (Мадрид, Испания) - "Рома" (Италия)
Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону
Калыс: Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Алгачкы оюнда "Реал" 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
"Вольфсбург" (Германия) - "Гент" (Бельгия)
Стадион: Вольфсбург шаары, "Фольксваген-Арена" стадиону
Калыс: Дамир Скомина (Словения)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Алгачкы оюнда "Вольфсбург" 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен.