Аптанын эң кызыктуу деп табылган сүрөттөр топтому

Апта сайын кызыгуу жараткан сүрөттөрдү социалдык тармактардан, журналдардан, гезиттерден көрөт эмеспизби. Ушул аптанын кызыктуу жана мыкты деп табылган сүрөттөрү назарыңыздарда.

Мельбурн шаарында Австралиянын түпкү элдеринин өкүлдөрү катышкан мода фестивалы өтөт. Анын алкагында модель шоу көрсөтүүгө даярданууда.

Деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан муз сарайынын ичиндеги турист. Циллерталь, Австрия.

Индиядагы айылда шыпыргы даярдоо маалы.

Түштүк Кореянын Гоянг шаарындагы океанариумдагы суу астындагы балет.

Кытайдагы деңиз жээгиндеги йога менен машыгуу.

Гонконгдогу көргөзмө борборунда аң терисин иштетүүгө каршы уюштурулган акциянын катышуучусу. Бул жерде жыл сайын булгаарыдан жана аң терисинен жасалган буюмдардын эл аралык жарманкеси өтөт.

Аллахабаддагы фермада өсүмдүктөрдү сугаруу. Индия.

Пингвиндер Эдинбург зоопаркында уя курушууда.

Нью-Делидеги эт базар. Индия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaiMak
2016-03-08 12:28:33
Эт базары кызык гоо я
0
bolotbai3
2016-03-08 12:56:55
Мотуевдин суротун да кошуш керек эле
+5
karona
2016-03-09 12:14:40
bolotbai3, xa xa xa!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан