Орусиялык блоггер: "Эң кооз пейзаждар жана идеалдуу асфальт. Бул Европа эмес, АКШ эмес, бул - кыргыз өлкөсү" (фото)

2014-жылы орусиялык белгилүү блоггер Дмитрий Чистопрудов мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдү кыдырып чыккан эле. 12 айдын ичинде ал көптөгөн кооз жерлерди көргөнү менен, анын баарын эске тутууга мүмкүн эместигин белгилеген.

"Саякат учурундагы кээ бир окуялар, көз ирмемдер суулуу колдон самын ыргыгандай эле эсибизден чыгып кетип жатат. Андай учурда жардамга жүздөгөн сүрөттөрүбүз келет. Бардык репортаждарды, ойлорду, элестерди бир гана силер үчүн эмес, унутуп калбоо үчүн өзүбүзгө да арнап жарыялап келебиз. Кайрадан миңдеген чакырым алыстыкка барыш үчүн күн бүркөө кечтерде бир кружка ысык чай ичип, сүрөттөрдү көрүп чыгабыз. Бул репортажда мен көргөн эң кооз тоо жолдорунун бири болгон Памир тракты",- деген өзүнүн блогунда Дмитрий Чистопрудов.

Блоггердин тобу алгач Тажикстанда болуп, андан соң кыргыз жергесине аттанган. "Жолдун көпчүлүк бөлүгү Кытай менен чектешкен аймакта жайгашкан. Кээ бир жерлеринде мамылар менен тикенектүү зымдар жок, бул жерде жыгачтарды табуу оор".

Блоггер Тажикстандагы Кара-Көл көлүнүн жанындагы кыштакта кыргыздар жашай турганын жазган.

"Кара-Көлдү көргөн соң тамактанып, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүүгө камдандык. Чек арадан тез жана жеңил эле өтүп кеттик",- дейт блоггер.

"Тоодон биринчи кыргыз айылы болгон Сары-Ташка түшүп, көпкө созулган издөөлөрдөн кийин токтой турган үй таптык. Түн ичиндө орун алгандыктан, айылдын тиричилигинин кооздугу бизге таңкы суукта гана көрүндү",- дейт Чистопрудов.

"Күчтөнүп, тамактанып алып дизель издеп жөнөдүк. Издөөлөр Сары-Ташта дизелдин жоктугун көрсөттү. Бүт идиштердеги дизелди түгөткөнбүз, мындан улам тынчсыздануу пайда боло баштады. Жакынкы май куюучу жайга 50 чакырымга барабар жол жана ашуу бар болчу".

"Талдык ашуусуна жеткенде унаа дагы 1 чакырымга жетпеген жолду жүрө аларыбызды көргөздү. Бирок ашууга унаа чыккан соң ылдыйды көздөй өзү эле ("холостой") жүрүп кете берди".

"Түндө жааган кар күндөн эрип, тоолор кайнап жаткандай көрүндү".

"Сары-Таштан Ошко чейин кытайлыктар идеалдуу асфальт төшөшүптүр. Тажикстандын топурак (грунт) жолунан кийин биз унаада жүрүп бараткандай эмес, учуп бараткандай болдук. Эми тоо пейзаждарында унаа эмес, атчан адам башкача көрүнүп жатты".

"Эң кооз пейзаждар жана идеалдуу асфальт. Бул Европа эмес, АКШ эмес, бул - кыргыз өлкөсү".

"Акырындык менен тоонун карлуу беттери артта калып, алардын ордуна шалбаалар келди. Биз Ошко түшүп келе жаттык".

Эсиңизге сала кетсек, Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу "National Geographic" боюнча эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
nur0077
2016-03-08 13:48:06
Дуйно улуттарына Кудайдын жер болуштуруу тууралуу уламыш-анекдоту эске тушот.Кыргыз Элиме чындап эле Кудай-Таала озунун дачасын белеке бергендей сезилет.Таза абасы,керемет кооз жаратылышы,ар бир колот-коктусу озунчо эле курорт го,Чиркин.Оз Олкобуз,эгемендигибиз,мейман-дос,момун Элибиз бар го.
+9
Beise
2016-03-08 14:15:55
Аябай кызыктуу тема экен кубанычтуу, бул пейзаждар башка басылмаларга да чыкса керек блогерге чоон ракмат супер инфого дагы!
+7
azamat.95
2016-03-08 14:18:00
Ашуу сонун экен...
+3
eduardali
2016-03-08 14:33:37
Кандай гана керемет Кыргызстан да жана Кыргыз болуп торолгонумо миң мертебе шүгүр кылам жана сыймыктанам.
+2
KaiMak
2016-03-08 14:56:29
Это ОШ детка! Деген соз да бекеринен айтылган эмес))
+1
realliver
2016-03-08 15:28:13
KaiMak, это КЫРГЫЗСТАН детка!!!
+4
KaiMak
2016-03-09 14:47:15
realliver,оштун алай району
0
samidinova84
2016-03-08 15:03:46
Кыргызстаныбыз аябай кооз чынында.
+2
Sheva
2016-03-08 15:26:32
Сонун кадрлар чыгыптыр.
+2
Bonia9189
2016-03-08 16:04:35
Кыргызстанда мусулман болуп торолуп калганыбызга "АЛЛАХГА"мин мертебе ыраазымын!
+3
Musabaeva
2016-03-08 16:25:05
Озубуздукулор ушундай жердин баркын сезбей жатышпайбыы ((
+3
ilbirs
2016-03-08 17:06:48
Musabaeva, биздин чондор акчасын гана сезет жана чекеден сатышат.
+1
anargazy
2016-03-08 19:54:50
Мен бир нерсеге танкалмда,эмнеге ош чоналай жолу деп жазбайсынар,ал кыргызстандын жолу да туурабы,кыргызстандын эн алыскы,дениз денгээлинен 3000 метр бийкте турган районуна баруучу жол да,причём тут хорог,же орусиялык блоггердин эсинде героин кокиндин мекени хорог калганбы?
+2
Mirlan_92
2016-03-08 23:10:00
Канлай жагымдуу ээ
0
Joomartbek
2016-03-08 23:44:04
Эмгектенип коп жыл журдум чет элде,
Эч жетпеди бирда жери мекенге.
Эй замандаш мекенинди сыйлагын,
Эртенинди ойлосон сен эгерде.

Айланамда тоолор ак кар баскан,
Ажайып кооздугу куп жарашкан.
Ала-тоомдун корку кандай сонун,
Аралап койнунда сен баратсан.

Журогумдо КЫРГЫЗСТАН!
+3
Arzu.kg
2016-03-09 09:49:33
Админ.суротторун толук коро албай жатам
0
admin_portal
2016-03-09 09:52:24
Arzu.kg, саламатсызбы!
Адистер текшерип жатышат.
0
diaz
2016-03-09 11:15:01
Сурот тарткан кишида моментин таап тартыптырда аябай жакшы тартылыптыр
+1
alimar
2016-03-09 15:07:04
сагындым кетким келип кетти мекениме.таза аба,тоолор, таза тунук суу...эх соз жетпейт кыргыз жерлеримин кооздугуна
+1
Joomartbek
2016-03-09 23:11:12
alimar,
Ак кары кеткис ала-тоом,
Абандан сенин айланам.
Сагындым сенин озунду,
Кайрылып сага баратам.

Сууларын сенин шар аккан,
Суктанып баары карашкан.
Сулуусу болгон тоолордун,
Сулуулук сага жарашкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан