Каракчылык боюнча айыпталып, күзөтчүлөр менен спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен Азатбек Алымкулов табыла элек

Каракчылык боюнча айыпталып, күзөтчүлөр менен спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен Азатбек Алымкуловду издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каракчылыкка шектелип камакта отурган Азатбек Алымкулов 26-февраль күнү Аламүдүн РИИБинин күзөтчүлөрү менен бирге жубайы жашап жаткан үйгө барган. Андан кийин спирт ичимдиктерин ичип, эс алуу маалында айыпталуучу башка бөлмө аркылуу качып кеткен. Анын качканын күзөтчүлөр болжол менен саат 19:20 чамасында билишкен.

"Учурда А.Алымкуловду издөө иштери өлкө аймагында жүрүүдө. Ал тууралуу толук маалыматтар берилген. Тилекке каршы, издөө иштери азырынча натыйжасыз болууда",- деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Айта кетсек, качып кеткен Азатбек Алымкуловду алып кеткен күзөтчүлөргө карата кылмыш иши козголуп, алар камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat88
2016-03-08 21:44:07
эми кармалса бирге ичип отура бересинер кузотчулор
0
aiko15
2016-03-09 00:28:14
эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан