Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында белгисиз адам президенттин резиденциясынын айланасындагы тосмодон ашып түшүүгө аракет жасады. Бул тууралуу америкалык "Вашингтон пост" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 7-мартта саат 16:30 чамасында (Бишкек сааты боюнча 03:30) Ак үйдүн түндүк-чыгыш тарабында болгон. "Туристтердин көзүнчө тосмодон ашып түшүүгө аракет жасаган адам колго түштү. Аны полиция кызматкерлери алып кетишти. Жашыруун кызмат окуя болгон учурда президент Барак Обаманын резиденцияда болгону же болбогону тууралуу жооп берүүдөн баш тартууда",- деп айтылат маалыматта.