Кыргыздын чыгаан кыздары: Курманжан датка, Уркуя Салиева, Аида Салянова... (тизме)

"Дүйнөнүн түркүгү – эне" дешет элибиз. Алар коомдук, мамлекеттик иштерге да активдүү катышуу менен бирге үй-бүлөнүн куту, эр-азаматтардын жары, балдардын мээримдүү энеси болуп келишет. 8-Март майрамына карата дал ошондой энелердин, дегеле кыргыз аялзатынын жүзүн көрсөткөн айымдардын тизмесин түздүк.

Кылымда кыргыз элинен суурулуп чыккан айтылуу Курманжан датка апабыз тарыхта татыктуу баасын алган. Бүгүнкү күндө кыргыздар кыздарына "Курманжан даткадай чыгаан бол" деп бата беришет. Алай ханышасы бүтүндөй эл жүгүн көтөргөн кайраттуу, чечкиндүү жана акылман кыргыз айымынын үлгүсү экени талашсыз. Анын аты, жасаган иши - кылымдан кылымга өтүүчү ыйык мурас.

(сүрөттө Курманжан датка)

Бүбүсара Бейшеналиева - маданият тармагында кыргыз элинин таалайына жазылган табылгыс талант, кыргыз мамлекетинин биринчи балет бийчиси. Балет бийчиси өз ишин, кесибин, өнөрүн берилип сүйгөн инсан катары тарыхта калды. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган. Элине эмгеги сиңген айымдын коомчулукта өз орду бар.

1994-жылы өлкөдө 5 сомдук номинал Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү менен колдонууга киргизилген. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы берилген. Кыргыз мамлекеттик искусство институту да анын ысымын алып жүрөт. Чыгаан айымдын эстелиги Бишкек шаарында, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанына орнотулган.

(сүрөттө Бүбүсара Бейшеналиева)

Эмгеги менен элге таанымал болгон Зууракан Кайназарова - мамлекетибиздеги колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери. Зууракан апабыз кан күйгөн согуш жылдарында оорукта эмгектенип, эмгеги жогору бааланган. "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамынын ээси. Совет доорунда депутат, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эмгеги менен бүгүнкү айымдарга үлгү болчу инсан.

(сүрөттө Зууракан Кайназарова)

Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөндөрдүн бири, кыргыздын чыгаан айымы Уркуя Салиева кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Ал совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдүн бири. Анын ысымында учурда Бишкек жана Ош шаарларында көчөлөр бар. Чыгаан айымдын өмүр баянын чагылдырып "Уркуя" аттуу көркөм тасма тартылган. Туулуп-өскөн айылында жана Бишкек шаарынын чок ортосунда эстелиги тургузулган.

(сүрөттө Уркуя Салиева)

Кайталангыс талант Сабира Күмүшалиеванын актрисалык чеберчилигине суктанбаган, ыраазы болбогон кыргыз жок болсо керек. Ал жараткан ар бир образ көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт жана элдин эсинде бекем сакталып калары шексиз. Өмүргө бир жаралган талант кыргыз театрынын, кино тармагынын көркүн ачып, бийик деңгээлге чыгарып, жашоодо жарык из калтырып кетти.
Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылып, мугалимдик адистикке ээ болгону менен, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында иштеп калган. Ошол күндөн тартып түрдүү ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жаратты.

(сүрөттө Сабира Күмүшалиева)

Бакен Кыдыкеева - Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдынкы катарында турган улуу актриса. Азыркы актрисалардын көбү "Кайсы актрисалардын талантын баалайсыз?" деген суроого жооп берүүдө сөзсүз бул айымдын атын атаары чындык. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган Бакен Кыдыкеева трагедияны, драманы, комедияны бирдей деңгээлде ойной билген көп кырдуу талант катары тарыхтан орун алды.

(сүрөттө Бакен Кыдыкеева)

Жамал Сейдакматова - кыргыздын дагы бир чыгаан айымы, белгилүү актриса. “Уркуя”, “Ак илбирстин тукуму” жана башка көптөгөн мурунку жана жаңы тасмаларда ажайып образдарды жараткан инсанды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Өзү да режиссёрлук кылып, тасма тартуу менен алектенүүдө. Азыркы күндө актриса шакирттерин таптап, кыргыз искусствосуна өзүнүн бараандуу салымын кошуп жаткан учуру.

(сүрөттө Жамал Сейдакматованын жаш кези)

Элибиз ак куу менен салыштырган кыргыздын эң сулуу айымдарынын бири, театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева дүйнөлүк жана советтик классиктердин чыгармалары боюнча сахнада көптөгөн образдарды жараткан. Таттыбүбүнүн ырчылык өнөрүнө көпчүлүк 1963-жылы радиого жаздырылган "Ай баратат" аттуу ырды укканда баа берет. Ал “Ак Мөөр” тасмасында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган. Анын табигый сулуулугу кыргыз элинде ооздон оозго өтүп айтылып келе жатат.

(сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева)

Кыргыздын чыгаан айымдарынын катарына өлкөнүн мурунку президенти Роза Отунбаеваны кошууга болот. Кыйын кырдаалда мамлекет тагдырын колго алып, өлкөдө туруктуулукту сактоого салым кошкон кыраакы айым. Өлкөбүз жаңыдан эгемендүүлүк алган жылдары биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалган. Мыкты дипломат катары көз карандысыз кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан. Учурда өлкөнү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын демилгелеп, ишке ашырууга багытталган эл аралык коомдук фондду жетектейт.

(сүрөттө Роза Отунбаева)

Агартуучу, коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер катары таанымал. Дүйнөдө тынчтыкты сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк профессорлор ассоциациясынын кыргыз жериндеги филиалынын президенти, КРнын Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын элчилигинин "Алтын көпүрө" сыйлыгынын ээси. Бул айым өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп турган учурда бир катар реформалар болгону коомчулукта айтылып жүрөт.

(сүрөттө Ишенгүл Болжурова)

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Башкы прокуратуранын башчыларынын катарын айымдар да толуктаган. 1991-жылдан 1993-жылга чейин эң алгачкы болуп Чолпон Баекова Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын жетектеген. Андан кийин Конституциялык палатанын башчылыгында иштеген. Юридика илимдеринин доктору, профессор. Жогорку квалификациядагы судья.

(сүрөттө Чолпон Баекова)

Кыргыз мамлекетинин он үчүнчү башкы прокурору болуп 2011-жылы Аида Салянова дайындалган. Аны Башкы прокуратурада масштабдуу реформа кылган айым катары билебиз. Анын тайманбастыгы тууралуу коомчулукта жылуу пикирлер арбын. Көпчүлүк Башкы прокуратураны Салянова жетектеп турган учурда чиновниктерге, жогорку бийликтин өкүлдөрүнө кылмыш иштери козголгонун айтышып, бул айымда эрк күчтүү экенин белгилешет. Коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө батынганын айтышат.

(сүрөттө Аида Салянова)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (91)
kolia8405
2016-03-09 12:14:00
Салянова не бир жеринерге кирип атабы ?кыргыздар эчтекени коро албайсынар эээээ
-5
dina
2016-03-09 12:49:15
Болжурова, Баековадан мурда Кондучалова турушу керек эле...
+2
munara.11.
2016-03-09 13:04:29
саляновага бут тосуу болбогондо азыр даалай чиновниктердин бетин ачат болчу...
-5
LEGENDA.
2016-03-09 15:25:57
munara.11.,Күйөөсүнүн бети ачылбаганда далай ченовникти акчага сындырмак десеңиз туура болчуудай))
+3
tabyshmak
2016-03-09 14:31:54
Тушуно албадым... Роза жана Аида эжелерибиз кайсы тараптан, кандай вариант менен бул тизменин катарын толуктады болду экен?
+4
bek-94
2016-03-09 14:44:07

Аида Салянованы тизмеге кошпой эле койбоптурда!!!
+6
LEGENDA.
2016-03-09 15:23:14
Роза,Аида эжелердей болуп Батукаев менен Баатыровдон акча өндүрүш ар кимдин колунан келе бербейт деп кошуп койгон го сыягы)))

Калган апаларга чын жүрөктөн таазим!)
+1
Artyr1994
2016-03-09 15:31:06
Отунбаеваны неге кошуп койду. Ким билет Р. Отумбаева убагында Ошту эмне кылып жибергенин
+4
Deniza88
2016-03-09 15:35:52
Таттыбубу эжебизге таааааазим
+5
Deniza88
2016-03-09 15:36:34
Кондучалова жок го
+4
omuke8993
2016-03-09 15:51:52
Kyrgyzym taryxty karap korgulo Kurmanjandai apalarga myna bul jerdegi Salianova Otunbaeva Baekova bularyn alardyn ordun basalbaitko kelgile teren oilonup korolu alar chynygy patriot aiymdar a bularchy........
+2
Uluk_Kalyev
2016-03-09 16:22:50
Азыркы депутат,министр айымдарды деле кошуп койбопсуздар ушунча болуптур.
-1
Limushka
2016-03-09 16:55:35
Отунбаева, Болжурова, Баекова, Салянова буларды тизмеден коруп жиним келип атат! Булар кыргыздын номер бир ХХХ... ( жеке оюм)
+2
admin_portal
2016-03-09 17:05:43
Limushka - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
asel_kg89
2016-03-09 20:10:24
Отунбаева ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2016-03-10 10:46:19
asel_kg89 - 15 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
PeRa
2016-03-10 01:45:54
Балериналардын талантын, бийин карабай эле сандарын карагандардын комментарийлерин окуп шок болдум.
+1
PeRa
2016-03-10 01:48:51
Биздин кээ бир мекендештерибиздин ушунчалык деградациясы журокту оорутат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан