Быйыл сентябрь айында Ысык-Көл облусунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Өкмөт бул оюн туризм жаатында бир топ пайда алып келерине ишеним артып жатат. Ошого байланыштуу облуста окуу жылы 1-сентябрда эмес, жарым ай же 1 ай кечиктирилип башталышы мүмкүн. Бул маселени өкмөт карап жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров журналисттер менен жолугуп жатып билдирди.
"Облуста тейлөө тармагында жана бир катар жумуштарды студенттер, окуучулар аткарышат. Окуу башталганда чоң күч кетип калчудай болуп жатат. Андыктан ушул учурга маани берип, окуучулардын мектепке жарым ай же бир айдан кийин баруусун шарттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Себеби ушул аз убакыт ичинде мамлекет да, жарандар да көп пайда көрө алышат",- дейт Бакиров.