Бүгүн, 8-мартта Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу майрамга карата айымдарды бекер ташып, таттуу белектерди таратууда. Бул тууралуу маалыматты жүргүнчү айым Асел Бегалиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, 154-маршруттук таксинин айдоочусу бүгүн майрам ээлерине сюрприз жасоодо.
“Ал кичинекей кыздардан баштап улгайып калган эжелерге чейин жол кире албай, буга кошумча ар бирине шоколад момпосуй ооз тийгизүүдө. Муну көргөн мырза жүргүнчүлөрдүн бири кылган жакшылыгы үчүн айдоочуга 100 сом берди. Ошентип, айымдар да, айдоочу да сүйүнүп, керектүү жерибизге жакшы маанайда жетип алдык”,- дейт Бегалиева.