Бишкекте Абдрахманов менен Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактар иштебей турат. Бул өз учурунда жөө жүрүүчүлөр менен айдоочуларга чоң ыңгайсыздык жаратып, авариялык абалдын келип чыгышына өбөлгө түзүүдө.
“Шаардагы жол чырактарды оңдоо Атайын жолду эксплуатациялоо башкармалыгына тиешелүү. Бүгүн башкармалыктын кызматкерлери майрамга байланыштуу эс алууда, бирок нөөмөтчүлөр караш керек болчу”,- деди бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы.
Айта кетсек, кечээ, 7-мартта саат 18:15 чамасында аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги жол чырактарынын жанында электр тогу өтүүчү зымдар бириккен жерден жалын чыккан.