* Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы саясий ишмер Адахан Мадумаров Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.
Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты. Ал 2005-2006-жылдары КРнын Вице-премьер-министри, 2006-2007-жылдары КРнын Мамлекеттик катчысы, 2007-2008-жылдары ЖКнын төрагасы, 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылы 30-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.
* Мындан 82 жыл мурун, 1934-жылы туңгуч космонавт Юрий Гагарин Смоленск облусунун Гжатск районунун Клушино деген айылында туулган. 1951-жылы Люберцы шаарында кесипчилик окуу жайын, 1955-жылы Саратов курулуш техникумун, ошол эле шаардагы аэроклубдун курсун бүткөндөн кийин Чкалов атындагы аскер авиациялык окуу жайынан (1955-1957-ж.ж.) окуган. Кийин Кызыл Туулуу Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган.
Тайманбас, таланттуу учкуч катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган заводунда, космодромдо толук сыноодон өтөт.
Башкы конструктор С.П.Королёв учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнча 9 саат 7 мүнөттө) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн. Комиссия "Восток" космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Ошентип, ал күнү Юрий Гагарин космоско учуп, туңгуч космонавт катары адамзат тарыхында калган.
* Мындан 63 жыл мурун, 1953-жылы Сталинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан, кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлүшкөн (болжолдуу түрдө 1422 адам).
* Мындан 57 жыл мурун, 1959-жылы Нью-Йоркто оюнчуктар жарманкесинде Барби куурчагы көрсөтүлгөн. Барбинин жаратуучусу "Mattel" оюнчук чыгаруучу фирмасынын башчысынын аялы Рут Хэндлер болгон. Ал кызы Барбара курбулары менен кагазга кыздын сүрөтүн тартып, аны кесип, ага кагаздан жасалган кийимдерди кийгизип ойноп жатканын көргөн. Ошондон улам Рутта куурчак чыгаруу идеясы пайда болгон.
Алгач Барбиге чейин немис гезитиндеги комикстердеги башкы каарман Билд Лиллинин образынан алынган Лилли аттуу куурчак 1955-жылы чыккан. Андан соң Рут инженер Жек Райан менен биргеликте Лиллини өзгөртүп, кызынын атынан Барби деп чыгара башташкан.
9-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.