"1,2 миллион сомго чыгым болдум" дейт "Орто-Сай" базарында күйүп кеткен тез тамактануучу жайдын ээси

"1 миллион 200 миң сомго чыгым болдум",- деп билдирди SUPER.KG порталына бүгүн, 8-мартта Бишкектеги "Орто-Сай" базарында күйүп кеткен тез тамактануучу жайдын ээси Дамир Шабыралиев. Анын айтымында, кырсык бүгүн саат 15:00 чамасында болгон.

"Тез тамактануучу жайда иштеп жаткандар өрт эмнеден чыкканын айта албай коюшту. Биздин оюбузча, май катуу күйүп өрт чыккан же электр зымдары күйүп кеткен. Учурда келтирилген чыгым техникалардын жараксыз абалга келишине байланыштуу. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Тилекке каршы, жаныбызда жайгашкан дүкөндүн 10 пайызы күйүп кетти. Биздин күркө болсо 100 пайыз же 40 чарчы метри күйдү. Өрт өчүрүү кызматы келип өрттү бир саатка чукул убакытта өчүрдү",- деди жабырлануучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
eldar.
2016-03-08 21:05:38
Кудай мындайды башга салбасын. Сабыр, сабыр жана дагы сабыр менен гана женип кетин бул кайгыны.
+12
tashi62
2016-03-08 21:15:17
Эч кимдин башына мындайды салбасын.
+4
Bostery
2016-03-08 21:20:49
Мен бул кишини тааныйм 1 кундо эле тургузуп коет кайгырган дагы жок болуш керек !
+9
Patriot..kg
2016-03-08 21:28:18
Эч нерсе эмес. Баш аман болсо дагы болот
+12
radyakiz
2016-03-08 23:02:12
Бир саатта очурбой эле бат эле очурушту окшойт биз 15:40 базарга барганда толук очуруп бутушуртур эле
0
KaiMak
2016-03-08 23:15:50
Кошуп айтыптыр го. Башчысы жакшы адам эмес окшойт
-1
incognito1
2016-03-09 10:33:13
Мантыканабы беле бул?
0
salam.kyrgyzstan
2016-03-09 11:14:27
incognito1,мантыканабы беле оа
0
Kroxa
2016-03-10 16:00:20
Орт тилсиз жоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан