ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суу районундагы Шералы айылынын жашоочулары аргасыз мал ичкен суудан колдонушууда

Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Шералы, Торойчу, Бөрүлүк айылдарынын эли таза суунун жоктугунан кыйналып жатат. Маалыматты окурман 8-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

Аталган айылдардын жашоочулары малын 1,5 чакырым алыстыктан сугарып келишсе, өздөрү сууну 6 чакырым алыстыктан ташып жатышканы айтылды.

"Айылдарда таза суу чыкпайт, Отуз-Адыр каналынан алабыз. Ал каналдан мал да ичет, алар сууну булгап салышат. Эл таза суу чыгарып бергиле деп өкмөткө көп кайрылды, бирок эч ким көңүл бурбай келет. Кир суунун айынан ар кандай оорулар чыгып жатат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан